7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги Улуттук госпиталда көз жумган маркумдун өздүгүн тактоого көмөктөшүңүз

239

Бишкектеги Улуттук госпиталга эсин жоготуп келген жаран дарыгерлердин аракетине карабастан эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, 18-ноябрда Пушкин жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү эркек киши табылган, ал 3-декабрда саат 08.47 чамасында Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Белгилери: бою 165-170 см, арыкчырай, мурду кырдач, жаагы сүйрү, кара чачтуу, кашы түз, кулактары томпойгон.


Ал үстүнө кыска кара дубленка, кара шым кийимчен болгон. Ошондой эле маркумдун жанында күрөң түстөгү капчыгы болгон.


Өзгөчө белгилери: сол билегинде жылдыздуу татуировкасы бар.


Милиция кызматкерлери табылган эркек кишинин сөөгүн аныктоого жардам сурайт. Сүрөттөгү адам жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон номерлерине кабарлашса болот: 0312352605, 0551102129 жана 102 кыска номуру.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

240