Бишкек шаарында жол кырсыгынан улам эки айдоочу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу патрулдук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде Бишкек шаарындагы Дооронбек Садырбаев көчөсүндө «BMW» жана «Lexus 570» унаалары кагышып, айдоочулары жабыркаган.
«Азыркы учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, жол кырсыгынын себептери иликтенүүдө»- деп айтылат маалыматта.