«Бир бол» саясий партиясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин ордуна ошол эле партиядан Аманкул Токтомамбетов келери белгилүү болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 21-апрелде депутат Кубанычбек Жумалиев өз каалоосу менен мандаттан ажыратууну суранган.
Кубанычбек Жумалиев буга чейин Коррупцияга шектелип кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата тергөө аяктаганга чейин УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Кийинчерээк ал мамлекетке 1 миллиард сом төлөгөн жана анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сыртка чыкпоо жөнүндө тил катынын негизинде бошотулган.