26-июлга карата Бишкектен 8, Чүйдөн 4 бейтап коронавирус илдетинин кесепетинен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.Бишкек, Чүйдөн башка аймактарда 2 күндөн бери жаңы учурлардын саны 100дөн төмөн болуп, илдет азайып жатканы байкалат.
Сутка ичинде 1 568 бейтап айыгып чыкса, жаңы катталган учурлар 973 болду.
- Бишкек – 637;
- Ош – 23;
- Чүй облусу – 72;
- Ош облусу – 12;
- Талас облусу – 18;
- Нарын облусу – 18;
- Ысык-Көл облусу – 39;
- Жалал-Абад облусу – 92;
- Баткен облусу – 62.
Ушул учурда стационардык таризде 4 187 бейтап даарыланууда, алардын 243үнун абалы оор деп айтылат. 13 691 жаран амбулартордук көзөмөдө.