7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жыл башынан бери 99 жаңы ишкана ачылып, 500дөн ашуун жумушчу орун түзүлгөн

485

Жалал-Абадда жыл башынан бери 99 жаңы ишкана ачылып, 500дөн ашуун жумушчу орун түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, коллегия облустун алты айлык жыйынтыгын чыгарган. Жыйынды президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү бекитилген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө сөз болгон.

Маалым болгондой, өнөр жай тармагынын физикалык көлөмүнүн өсүү темпи 98 пайызды түзгөн. Облустун экономикасынын локомотиви болгон тоо-кен тармагы 98,1 пайызга, жалпы өнөр жай жаатынын продукциясындагы тармактын үлүшү 52,8 пайызды ээлеген.

Жарым жылдыкта облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 3569,0 млн сомдук салык жыйналган. План 111 пайызга жеткен. Республикалык бюджетке төлөнүүчү салыктарга Аксы, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаарлары жетпей калганы белгиленди.

Күн тартибинде социалдык тармактар боюнча да каралып, ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү өскөнү белгиленди. Анда 2021-жылдын 6 айында 13 миң 378 жаш бала төрөлүп, 195 бир жашка чейинки балдар өлүмү катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20 балага көбөйгөн. Район-шаарлар ичинен Базар-Коргондо–15, Ноокене 7, Жалал-Абад шаарында 5ке өскөн. Мындан улам ыйгарым укуктуу өкүл балдар маселесин олуттуу кароого чакырды.

«Бир район үчүн 15 бала абдан көп. Бул баарыбыз ойлоно турган абал. Себептерин тактап, толук анализ жүргүзүлүшү керек. Базар-Коргон, Ноокен районунун социалдык маселелер боюнча акимдин орун басарларына эскертүү бергиле. Башка да тийиштүү кызматкерлер боюнча да маселе каралышы керек», – деди Сыргабаев.

Алдыда пландык көрсөткүчтөргө жетүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын эл менен тыгыз иштөө, салык кызмат өкүлдөрү жыйымдардан чыгуу, санариптештирүү боюнча жүрүп жаткан иштерди жандандыруу багыттары боюнча тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486