29-апрелде Бишкектин Красный строитель конушунда жана шаарчасында суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу саат 09:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен кесилишкен аймакта өчүрүлөт:
Киргизская көчөсү — Саадаев көчөсү — Бельская көчөсү — Сары-Челек көчөсү — Бухарская көчөсү — Киргизская көчөсү.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.