1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
Алардын айтымында, Жаманбаев көчөсүндөгү орто басымдагы газ түтүгү жаңы колдонуучуларды кошуу үчүн өчүрүлөт.
“Нижний Жал” кичи районундагы Чыңгыз Айтматов проспектиси, Пожарский көчөсү, Садырбаев көчөсү, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Ташкумырская, Ажыбек Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ өчүрүлөт.
Компания жаратылыш газын берүүнү токтотуу коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн зарыл экенин баса белгиледи.