Бүгүн, 30-октябрда Рfizer вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, АКШ тарабынан берилген вакцинаны жогорку курактагылар коронавируска каршы эмдөө пункттарынан алса болот.
«Эгерде коронавирус инфекциясы менен ооруганыңызга жарым жылдан ашса, эмдөө алсаңыз болот. Ал эми мезгилдик сасык тумоо менен жабыркасаңыз вакцина алууну 20 күндөн кийин пландаңыз. 18 жашка жете электер эмделбейт, дарыгерлерди көндүрүүгө аракет кылбаңыздар», — дешет министрликтен.
Эскерте кетсек, 27-октябрда АКШдан Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 259 миң 740 дозасы келген.