Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Кыргызстан Газпром” ишканасынан билдиришти.
17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев-Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ага байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.