Аксыдагы жалпы медициналык практика борборунун өрттөн жабыркаган чатыры калыбына келтирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
9-апрелде Аксыдагы жалпы дарыгерлерлик практика борборунда 13-мартта өрт чыккан имараттын чатырын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери аяктады.
Аксы ЖДПБнын директору Медербек Осмоновдун айтымында, хирургиялык корпус кадимки режимде иштеп жатат. «Министрге тез арада каражат бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз, анын аркасында оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрдүк» — деп белгиледи.
Эскерте кетсек, 13-мартта Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Аксы районуна барган. Иш сапардын жыйынтыгында министр чатырды жабууга 6 миллион сом бөлүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырган.