Ош облусунун 2 тургуну «ХТИ» диний-экстремисттик уюмунун жана «ИМ» эл аралык террористтик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
12-апрелде А.Р.А. аттуу жарандын «ХТИ» диний- экстремисттик уюмунун жана М.Ф.Х. аттуу жарандын эл аралык террористтик уюмунун идеологиясынан баш тартуусуна чейин алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Аталган адамдар «ХТИ» ДЭУ жана «ИГ» ЭТУнун радикалдуу-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, тыюу салынган уюмдарга мындан ары мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.