7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин базарларындагы чөнтөкчүлөр кармалды

465

Бишкек шаарынын базарларында көп жылдар бою чөнтөк уурулук кылып кылмыштуу иш-аракеттерин жүргүзүп келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, алар идеологиялык жактан кылмыштуулукту колдоп жана өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун иштешине колдоо көрсөткөн жаштар.

Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы ири базарларды көзөмөлдөгөн, мурда соттолгон, 1994-жылы 9-декабрда туулган жаран кылмыштуу топтун башчысы тарабынан системалуу түрдө тоноо жана уурулук фактылары аныкталып, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары АМБ АБОдо каттоодо турган жана жаш муундар арасында кылмыштуу идеологияны активдүү колдоп, жайылтып жүргөндүгү такталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу топтун башчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

466