7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт. (ТИЗМЕ)

321

Эртең борбор калаанын батыш тарабында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин Алыкулов көчөсү —  Кустанай көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу —  Рыскулов көчөсү (Дэн Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы, ошондой эле (Пригородное)  Юбилейная  көчөсү — Горький  көчөсү—Садовая көчөсү (Пригородное) — ЧЧК менен чектешкен аймактарда, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер  конуштарында, 110-квартал, Достук кичи райондорунда суу болбойт.

Ичүүчү суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

322