Бишкек шаарында сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаран кармалганын Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жүргөнү аныкталды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 2003-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.
Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram