Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Биз Сизди боордош кыргыз элинин жогорку ишенимине жана урматына ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, мекенчил жана даанышман саясатчы катары жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Кыргызстандын лидери катары Сиз көтөргөн улуттук программалар жана регионалдык мазмундагы маанилүү демилгелер натыйжалуу ишке ашырылып жатканын өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет. Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиз тарыхый, диний жана маданий гармонияга негизделген өлкөлөрүбүздүн ортосундагы масштабдуу байланыштарды мындан ары да тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем. Дагы бир жолу туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктап, Сизге узун өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бейпилдик, туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
«Бүгүнкү күндө Сиздин абройлуу жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан өлкөнүн туруктуу өсүшүн жана социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү демилгелерди жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Сиздин стратегиялык курсуңузду бекем кармануу менен Кыргызстан алдыга карай ишенимдүү кыймылын улантып, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды ийгиликтүү ишке ашырат деп ишенем. Кылымдардан бери келе жаткан достуктун, ынак коңшулуктун жана өз ара колдоонун духунда дайыма өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жеке Сиздин эбегейсиз салымыңызды жогору баалайм. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жетишкендиктерибизди арттырып, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштарды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарабыз деп ишенем. Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, бир тууган Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.