7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
26272829  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боксчулар Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

311

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келди.

Спортчуларды “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Бектур Кокоев, бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, бокс боюнча жаштар курама командасы Еревандагы Дүйнө чемпионатында 2 медаль жеңди — бир алтын жана бир коло.

52 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев алтын  медалга ээ болсо, 57 кг чейинки салмак категориясында Дилербек Садиров коло  медаль тагынган.

312