7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин көчөлөрүнө 15 тонна туз чачылды

582

Бишкек шаарынын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Кечээ кечки саат 20:00дөн бүгүн эртең мененки 10: 00гө чейин  15 тонна туз колдонулган, бул шаардык жолдордогу жол кыймылынын шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Бүгүн түнү борбор калаанын көчөлөрүндө 15 атайын техника нөөмөттө иштеди:

МАЗ базасында 4 кар тазалоочу унаа;
2 фронталдык жүктөгүч;
4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору;
5 «УКМ-2500» универсалдуу коммуналдык унаа.

Азыркы учурда ишкананын бардык кызматкерлери аба ырайынын жагымсыз шарттарына каршы күрөшүүгө активдүү катышып жатышат. Тротуарларды жана өтүүчү кирүүчү жолдорду тазалоо толук көлөмдө жүргүзүлөт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга чакырат.

583