«15-марттан тарта Кытайдын грантынын эсебинен «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабынын алкагында жолдорду калыбына келтирүү иштери улантылат», — деп деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Буга байланыштуу 14 жол тилкесинде унаалардын жүрүүсүн убактылуу чектөө пландаштырылууда:
1. Ак-Ордо конушундагы Каркыр көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин;
2. Түгөлбай Ата көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
3. Ак-Ордо конушундагы Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин;
4. Ажыбек баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
5. Жунусалиев көчөсү Арча-Бешик конушундагы Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
6. Стадион көчөсү Ынтымак турак жай конушундагы Абдрахманов көчөсүнөн Магистраль көчөсүнө чейин;
7. Кокчетавская көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
8. Ташкентская көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
9. Жеңиш турак жай конушундагы Ленская көчөсүнөн Жеңиш көчөсүнө чейинки жаңы көчө;
10. Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
11. Койбагарова көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаева көчөсүнө чейин;
12. Фере көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датки көчөсүнө чейин;
13. Будённый көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин;
14. Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.
Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот. Оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.