Ноокенде электрондук кезекке туруу системасы иштебей эл нааразы. Бул тууралуу Алтынбек Султанбеков аттуу жаран өзүнүн Facebook баракчасына кезек күтүп турган элдин тобунан сүрөт, видео жүктөдү.
Видеодо байкалгандай, анда жарандар бет капсыз.
«Ноокен райондук калкты паспорттоштуруу бөлүмү. Өкмөт айткан электрондук кезек күтүү деген түшүнүк жок. Жарандар беткапсыз эле топтолушуп турушат. Жарандардын кезекти көпкө күтүүсүнүн себеби компьютерлер жакшы иштебей жатыптыр», — деп жазган ал.