2-5-ноябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында убактылуу газ болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ю.Фучик, Ленская жана Сергей Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта 20 абонент убактылуу өчүрүлүп, Ленская көчөсү, 50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.