7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл китепке кирген маралды мыйзамсыз атып, союп жатышкан топ кармалды (ВИДЕО)

799

Кызыл китепке кирген маралды мыйзамсыз атуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана тезникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  31-октябрда Сары-Челекте “Туура-Арык” тилкесинде болжол менен 5 жаштагы маралдын ургачысын мыйзамсыз атып, аны союп жатышкан.

“Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болушкан. Жеке тинтүү жана айлана-тегеректи кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Жаныбардын териси, башы жана эти материалдык далил катары алынган. Азыркы учурда Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, маралды мыйзамсыз кармоо үчүн айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көп.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800