7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин тургунунан 380 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды

209

Бишкектин тургунунан 380 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ушул жылдын декабрь айында өңү-түсү азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам БМВ-535 үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган.


«Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, сабап, коркутуп, 380миң сом акча каражатын талап кылган. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутууларын уланткан.


Аталган факты сотко чейинки өндүрүшкө катталып, ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында атайын операция уюштурулган. Шектүүлөр 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кармалган. Алар Түп районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну жана Казакстан Республикасынын 1991-жылы туурган Ц.Р. аттуу тургуну болушкан. Алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

210