7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалды

234

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү буйруп, аны ыкчам-кызматкерлер алып кетти. Бул тууралуу Регион ТВ телеканалы билдирди.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Жамалбек Ырсалиев муниципалдык жерди 6 жылдан бери пайдаланып келе жатканы аныкталган. Жерди колдонгону үчүн ижара акысын да төлөгөн эмес.

Шаар муниципалдык жер үчүн пайда табыш керек болчу. Бирок Жамалбек Ырсалиев жерди акысыз колдонгон. Мындайга жол берилбеш керек болчу. Чогулган материалдардын негизинде анын жоопкерчилигин карап чыгышыбыз керек,” — деди ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев бийлик органдарында иштеген кызматкерлер өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, бизнесин коргоп, жерлерди өздөрү иштеткени көбөйүп кеткенин айтып, эскертүү берди.

«Мамлекеттик кызматкерлер кызматка келдиби, өзүнүн кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюш керек. Ошондо гана иш болот. Эгерде дагы бир ушундай учурлар аныктала турган болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз», — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

УКМКдан бул боюнча расмий маалымат берилерин билдиришти.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

235