Жогорку кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев баяндамачы экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованы депутаттарга катуу сүйлөбөөгө чакырды.
«Биз катуу сүйлөсөк, биз менен кошо катуу сүйлөбөсөңүз. Бири-бирибизди түшүнбөй жатабыз, күтүп-күтүп сүйлөшөлү»,- деди ал. Ал эми, спикер Нурланбек Шакиев дагы баяндамачыга эскертүү берип, «Депутаттар менен сүйлөшкөндө тонуңузду көтөрбөй сүйлөңүз»,- деди.
Учурда парламентте экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова «Ишкердиктин субьектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби» жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасоодо.