Чүй облусунун аймагынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен 22 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда кечке маал Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 16-чакырымда 2000-жылы туулган айдоочу Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, түштүктөн түндүктү көздөй өтүп бара жаткан 1988-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзгөн.
Кырсык болгон жерден айдоочу унаасы менен Сокулук аймактык ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө жеткизилгенден кийин, жабырлануучу каза болуп калган. Ошол себептен айдоочу кылган кылмышын жашырыш үчүн унаасын жашырып койгон.