7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Блогер, депутаттыкка талапкер кармалды 

891

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Исаков жана эки жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-июлда саат 20:30дар чамасында Сокулук районуна караштуу Селекция айылында “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду жоон топ адамдар тосуп алып, автоунаалар өтө албай калгандыгы жөнүндө Сокулук РИИБтин нөөмөт бөлүмүнө маалым түшкөн.

Сокулук РИИБтин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, жүздөн ашык жаран жолду тосуп автоунааларды өткөзбөй жатканы такталып, ал жарандар Селекционное айылынын тургундары экендиги жана таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосуп алгандары аныкталган.

Жолду тоскон жарандар менен КР ИИМдин жетекчиликтен жооптуу, Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБтин жетекчилиги өздүк курам менен, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы келип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок ал жарандар милиция кызматкерлери тарапка таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15-июлда түнкү саат 02:00 убакытта ачылып, чогулган эл тараган.

Аталган окуя электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Андан соң кийинки жагдай такталган.

Селекционное айылынын “Сары-Өзөн” аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн WhatsApp тайпасы аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен.

Ал WhatsApp тайпага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” (Эртай Исаков — ред.:) кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзү өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды.

Текшерүү учурунда Селекция айылындагы автоунаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук РИИБтин тергөө кызматы тарабынан аталган окуяда КРнын КЖКнин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып 2023-жылдын 15-июль күнү кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча КЖКнин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Э.И. кармалып, КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми КЖКнин 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

892