Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон блогер Гүлзат Алымкулова ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбек Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Анын ден-соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда.
«Анын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал чай ичип жатат», — деп кошумчалашты ведомстводон.
Эскерте кетсек, Мамытбек Кыргызстандын кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлерине 14-ноябрдан бери нааразылык иретинде ачкачылык жарыялап жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, Биринчи май райондук милициясына 7 жаран арызы менен кайрылып, алардын ишенимине кирип, кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылып, акча алып изин жашырып кеткен Гүлзат Алымкулова карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.
Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен каттоого алынган.
Ал 2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстанга келгенде кармалып Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.