Академик Мамбет Мамакеев 95 жашында COVID-19 илдетинин оор формасынан ийгиликтүү айыгып чыкты. Бул тууралуу Андрей Сопуев социалдык тармактарга жазып чыкты.
Анда ал Мамакеевдин бүгүн, 18-ноябрда Улуттук хирургиялык борборунда өткөн медициналык конференциясына төрагалык кылганын кошумчалаган.
Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга алынып келинген “Sputnik V” вакцинасын биринчилерден болуп хирург Мамбет Мамакеев алган.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору берген комментарий боюнча, вакцинанын эффективдүүлүгү 95%ке чейин жетет.
“Биз 100% кепилдик бере албайбыз. Анын үстүнө Мамакеев 95 жашта, жана да ал стационарда иштейт», — деген ал.