Белгилүү Сыдыман аты менен таанымал блогер Элмирдин айыпсыз экени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сыдыманов Элмир Болотбекович тергөө органы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖКнын 313-бер. 1-б. менен айыпталат. Анткени, ал 2020-жылдын 4-февралында өзүнүн социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасында ыплас сөздөрдү колдонуп, региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан.
Соттук отурумда жактоочу тарабынан комиссиондук соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган. Соттук-лингвистикалык экспертизасынын корутундусуна ылайык, Э.Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталбаган.
10.03.2021-жылы соттук отурумда мамлкеттик айыптоочу Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 330-бер. 1-б. негизинде мамлекеттик айыптоодон баш тарткан.