7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү өз ыктыяры менен баш тартышты

782

Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү өз ыктыяры менен баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Якын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.

2021-жылдын 27-февралында, облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, КР жарандары «К.Ш.», «Э.А.» жана «Б.Б.» алар өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантууда.

783