7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда облус башчылары кыздардын контракттарын төлөөгө милдеттендирилди

517

 

 

Өзбекстанда облус башчылары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 кыздын контрагын, ал эми ар бир ЖОЖ 30-50 кыздын контрагын төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев аялдар менен кыздардын көйгөйлөрүн чечүү жана аларды ар тараптуу колдоо боюнча өткөн видеоконференцияда билдирди.

 

«Жогорку билим алууну каалаган, жөндөмү, билими бар, бирок тагдырдын буйругу менен кыялына жете албаган кыздарга дем берүү тутуму киргизилет. Тактап айтканда, ата-энелеринин биринен айрылган, багуучусу жок калган кыздардын контракттык төлөмү бийлик жана ЖОЖдордун эсебинен жүргүзүлөт. Ага ылайык, ар бир губернатор 100 кыздын контрагын жергиликтүү бюджеттен төлөөгө милдеттүү, ал эми ар бир ЖОЖго 50 кыз милдеттендирилет», — деди Мирзиёев.

 

Бул ишти уюштуруу Сенат төрагасы Танзила Норбоевага жүктөлдү.

 

Ошондой эле Өзбекстан президенти аялдар арасындагы жумушсуздукту жоюу маселесине токтолду.

 

«Бир айдын ичинде Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги ар бир райондогу өздөрүнө караштуу колледждердин бош бөлүгүн ишкер аялдардын окуу бөлмөлөрүнө айлантуу жана кайра иштетүү цехтерди түзүү үчүн жеңилдетилген шартта 30 жылдык ижарага берүү тартибин иштеп чыгуусу зарыл. Министр Нозим Хусанов облус акимдери менен биргеликте ушул жылдын аягына чейин жаңы тутумдун негизинде 50 миң аялды окутуп, жумушка орноштурушу керек. Бул үчүн Иш менен камсыз кылуу фондунан 70 миллиард сум бөлүнөт».

 

Өзбекстан «Элдик банкы» ишкерлигин баштаган 70 миң кыз-келинге ушул жылдын эсебинен 2 триллион сум кредит берүүгө даяр экенин маалымдады. Банк бүгүнкү күнгө чейин ишкерлик курстарды аяктаган 4 миңге жакын кыз-келинге насыя берген.

518