6-декабрдан баштап Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды.
Чемпионатка республиканын баардык аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышып, жалпы 23 комплект медаль ойнотулат.
Мелдештин биринчи күнүндө, чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, ЖК депутаты Шайлообек Атазов, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев катышты.
Канат Шабданбаев чемпионаттын ачылышында “Чемпионаттын жыйынтыгы менен курама команда түптөлүп, кийинки жылы өтө турган Дүйнө чемпионатында жана эл аралык мелдештерде жеңүүчүлөр өлкө намысын коргойт. 2023-жыл лицензиялык беттештерде жолдомо алып, 2024-жылы Олимпиадада медалын аласыздар деп ишенем. Баарыңыздарга ийгилик жана күчтүүсү жеңсин деп билдирди.
Федерациянын президенти Умбеталы Кыдыралиев 2023-жыл спортчулар үчүн жоопкерчиликтүү жыл болоорун айтып, спортчулардан чоң-чөн ийгиликтерди күтөөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, чемпионат 10-декабрда жыйынтыкталат.