7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадыр Кошалиев: Биринчи Элдик курултай ийгиликтүү өтүп, максатына жетти

477

Биринчи Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев «Кабар» маалымат агенттигине маек берди. 

— Дээрлик жыйырма жылдан бери Элдик курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен орнотуу маселесин көтөрүп келе жаткандардын сап башында жүргөн адам катары кечээки өткөн Улуттук жыйынга кандай баа бересиз?

— Элибиздин тарыхый салтына жана Баш мыйзамдын талаптарына ылайык, президенттин жарлыгы менен биринчи Уюштуруу курултайы ийгиликтүү өттү жана максатына жетти десек болот. “Биринчи” деп аталышынын себеби, Элдик курултай Баш мыйзамга өз статусу менен киргенден бери президенттин жарлыгы менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде уюштурулду. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов башында турган Уюштуруу комитети да өз озуйпасын мыкты аткарды. Жыйында көбүрөөк айылдын элин уктук, тактика ошондой болчу. Улам кийинки жыйындарда илимий-чыгармачылык чөйрөгө, билгилерге сөздү көбүрөөк берип, статегиялык маселелерге басым жасайбыз. Акыркы эки жылдан бери жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, анын негизинде кабыл алынган мыйзам, акт, жарлыктардын мазмунуна назар салсак “ачык либералдык коом” өңүтүнөн, улуттук иденттүүлүктүн, нарктуулуктун жолуна басым жасалып жатканы байкалат. Бул албетте, адашкан жолдон кайтып, ата-балардын айкөлдүк жолуна багыт алуу дегендик. Түшүнгөн кишиге, бул түбү терең маселе…

 “Күндөлүк социалдык маселелер көп көтөрүлүп, концептуалдуу ой-сунуштар аз айтылып калды” дегендерге жообуңуз кандай?

— Башталганда эле президент Садыр Жапаровдун даректүү тасма коштогон кайрылуусунда жасалып жаткан иштер, жакынкы иш-пландар, келечектүү максаттар туурасында элге мотивация берген мазмундуу сөзүндө, андан аркы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун баяндамаларында бараандуу ойлор, иштиктүү сунуштар айтылды. Андан соң, сүйлөйм деген делегаттар абдан көп болгондуктан регламентти 3 мүнөт тегерегинде белгилеп, жарыш сөздөрдү баштадык. Жыйында жабык тема болгон жок, бардык маселе ачык көтөрүлдү. Кошоматчылар келип, кол чаап тарап кетет деген ой жокко чыкты. Элден эки миңге жакын сунуш-долбоорлор түштү. Алардын бир тобу даяр концепция, багыттама, долбоор форматында кагаз жүзүндө келип түштү. Айрымдарын айта кетели – “Өнүгүүнүн кыргыз жолу”, “Кыргыз мурасы”, “Манастөр”, “Нарктуу коом”, “Эл Банк”, “Келечекке жол”, “Жаштык”, “Табиятка шайкештик”, “Аялзат”, “Энелер мектеби”, “Таштандысыз таза Кыргызстан”, “Салттуу билим”, “Жарык”, “Ден соолук булагы”, Медицина тармагы боюнча иш алып барган мамлекеттик “УЛУКМАН” илимий борбору, “Элдик дарыгерчилик жөнүндө” мыйзам долбоору, “Интегративная медицина”, “Единение”, “Баланс”, “Кванттык өтмөк”, “Айкөл” адам таануу тренинг борбору ж.б.

 Жарыш сөзгө чыккандар үчүн 3 мүнөт аз болгондой туюлду…

— Бардык маселени делегаттарга добушка салып чечип жаттык. Анчалык элди укпаганыбызда зал жарылып кетмек… Беш жүзгө жакын делегат жарыш сөзгө жазылып, анын араң 143үнө сөз жетти. Кара кылды как жарган калыс сөздөр көп эле айтылды, бирок баары эле укмуш сүйлөдү деп да айта албайм, көрүнүп коюш үчүн чыккандар да болду. Мен деле эл катары жарыш сөз алып, 3 мүнөт 20 секунда ичинде 14 сунуш айтыптырмын. Кириш сөздөр узарып кетип жатты. Мындайда убакытты туура пайдаланып, ток этерин айтуу керек.

 Мындан аркы кадамдар кандай болмокчу?

— “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу маселеси көңүл борборунда болмокчу. Президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” туурасындагы, “Улуттук нарк жөнүндө” чыгарган ж.б. жарлыктарын турмушка ашыруу багытындагы иштерге көмөктөшмөкчүбүз. Курултайлардын ортосунда туруктуу иш алып барган, 21 адамдан турган Аксакалдар кеңеши макулдашып ишке кириштик. Аксакалдар, аялдар, жаштар, билгилер, аймактар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер багытында иштер жүрмөкчү. Андан сырткары, “Элдик демилгелер борбору” маалымат-талдоо кызматы иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478