7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултайдын төрагасы: «Кошоматчылар келип, кол чаап тарап кетет деген ой жокко чыкты»

863

«Сүйлөйм деген делегаттар абдан көп болгондуктан регламентти 3 мүнөт тегерегинде белгилеп, жарыш сөздөрдү баштадык. Жыйында жабык тема болгон жок, бардык маселе ачык көтөрүлдү»,- деди Биринчи Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев «Кабар» маалымат агенттигине маек берип жатып.

«Башталганда эле президент Садыр Жапаровдун даректүү тасма коштогон кайрылуусунда жасалып жаткан иштер, жакынкы иш-пландар, келечектүү максаттар туурасында элге мотивация берген мазмундуу сөзүндө, андан аркы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун баяндамаларында бараандуу ойлор, иштиктүү сунуштар айтылды. Андан соң, сүйлөйм деген делегаттар абдан көп болгондуктан регламентти 3 мүнөт тегерегинде белгилеп, жарыш сөздөрдү баштадык. Жыйында жабык тема болгон жок, бардык маселе ачык көтөрүлдү. Кошоматчылар келип, кол чаап тарап кетет деген ой жокко чыкты. Элден эки миңге жакын сунуш-долбоорлор түштү. Алардын бир тобу даяр концепция, багыттама, долбоор форматында кагаз жүзүндө келип түштү. Айрымдарын айта кетели – “Өнүгүүнүн кыргыз жолу”, “Кыргыз мурасы”, “Манастөр”, “Нарктуу коом”, “Эл Банк”, “Келечекке жол”, “Жаштык”, “Табиятка шайкештик”, “Аялзат”, “Энелер мектеби”, “Таштандысыз таза Кыргызстан”, “Салттуу билим”, “Жарык”, “Ден соолук булагы”, Медицина тармагы боюнча иш алып барган мамлекеттик “УЛУКМАН” илимий борбору, “Элдик дарыгерчилик жөнүндө” мыйзам долбоору, “Интегративная медицина”, “Единение”, “Баланс”, “Кванттык өтмөк”, “Айкөл” адам таануу тренинг борбору ж.б. Бардык маселени делегаттарга добушка салып чечип жаттык. Анчалык элди укпаганыбызда зал жарылып кетмек… Беш жүзгө жакын делегат жарыш сөзгө жазылып, анын араң 143үнө сөз жетти. Кара кылды как жарган калыс сөздөр көп эле айтылды, бирок баары эле укмуш сүйлөдү деп да айта албайм, көрүнүп коюш үчүн чыккандар да болду. Мен деле эл катары жарыш сөз алып, 3 мүнөт 20 секунда ичинде 14 сунуш айтыптырмын. Кириш сөздөр узарып кетип жатты. Мындайда убакытты туура пайдаланып, ток этерин айтуу керек»,- деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864