Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.
Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.
Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.