Кечээ, 6-декабрда Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалынын алкагында Испания менен Марокко курамаларынын беттеши өттү. Анда, Испания курама командасы Марокко курамасына пенальтилерде жеңилип калды.
Улуттук командалар Райан шаарындагы «Эдукшн Сити» стадионунда өтүп, беттештин негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады.
Командалар кошумча убакытта бири-биринин дарбазасына сокку ура алышкан эмес, андан соң пенальти башталды.
Марокколуктар биринчи болуп эсепти ийгиликтүү ачышып, кийинки пенальтини да марокколуктар аткарып, алар 2:0 эсебинде алдыга чыгышты. Испаниялык командадан Карлос Солер сокку узатса, Марокконун дарбазачысы Яссин Буну анын соккусун оңой эле кайтарды.
Оюндан кийинки пенальтилер сериясында Луис Энрикенин командасы бир дагы соккуну бурган жок. Пабло Сарабия биринчи сокку узатып, анын соккусу Бононун дарбазасына тийди. Андан соң марокколук дарбазачы Карлос Солер менен Серхио Бускетстин соккуларын аткарып калды.
Белгилей кетсек, Марокко курама командасы тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.