7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боксчу Мухаммадазиз Закиров Азия чемпионатында күмүш алды

766

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Мелдешке кыргызстандык мушкер 80 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык баскычында кореялык Парк Дам Хьонду утту. Ал эми жарым финалдык беттеште индиянын спортчусу Сахилдди жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандын мушкери Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

767