7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды

694

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды.

Шакиев алардын ар бири менен баарлашып, карап жаткан жакындары менен да сүйлөштү.

“Келечек ээлеринин саламаттыгы баарынан кымбат. Андыктан, балдардын катышуусундагы иш чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Көңүл кош жасалган мамиленин кесепети оор болорун Сузактагы окуя анык көрсөттү”, – деди төрага.

Андан тышкары, жабыркаган ар бир бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, бардык тиешелүү медициналык жардамдар берилиши керектигин айткан Нурланбек Шакиев жасалып жаткан иштер боюнча оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдон маалымат алды.

Шакиев төраганын резервдик фондунан да каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Азыркы тапта Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардын ону Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда.

695