7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Болот Миңжылкиев IV» Эл аралык фестивалына 6 өлкөнүн ырчылары катышат

724

2021-жылдын 21-25-апрелинде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, фестивалга Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат.

  • Фестиваль 21-апрель күнү саат 18:00 дө Джузеппе Вердинин «Аида» операсы менен ачылат.
  • 23-апрель күнү гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.
  • Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин «Князь Игорь» операсы менен аяктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725