7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бомба коюлду» деп элди дүрбөлөңгө салган жаш жигит кармалды

185

 «Айчүрөк» соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран кармалганын ИИМден билдиришти.

«26-октябрда саат 11:59да социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борбордун кызматкерлерине кайрылуу менен «Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн. Билдирүү ошол эле соода борбордун кызматкерлерине келген», — деп айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган. Белгилей кетчү нерсе, жардыруучу зат коркунучу тууралуу ар бир чакыруу, коркунуч чынбы же жалганбы, реалдуу коркунуч катары кабыл алынат.

Ар бир жардыруучу зат тууралуу чалуулар же бидирүүлөр , жалган же тастыкталганына карабастан, ал коркунуч катары каралат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ИИМдин жана Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Россия жараны Бишкек шаарында жашаган Г.А. атуу жигит кармалган. Маалым болгондой, ал коомдук тамактануучу жайда иштейт. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн.

Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

186