7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Койдун эти деп сатышмак». Миңдеген мышык куткарылды

2104

Кытайдын Чжанцзяган шаарында полиция союуга даярдалып жаткан миңден ашык мышыктарды куткарды. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаныбарларды коргоочулар тобу көрүстөндүн жанынан мышыктар салынган көп сандагы кутуларды табышкан. Активисттер мышыктарды жүктөө үчүн көрүстөнгө жүк ташуучу унаа келгенче 6 күн күтүшкөн. Унаа келери менен полицияны чакырышкан. Жүк ташуучу унаа бара жаткан касапканадан укук коргоо кызматкерлери көптөгөн мышыктын өлүктөрүн табышкан. Активисттердин айтымында, жолбун мышыктарды кармап, андан кийин алардын этин чочконун же койдун эти деп сатышмак.

Полициянын маалыматына караганда, миңден ашык мышыктын этин сатуудан 20 миң доллардан ашык киреше көрүшмөк. Мышыктын этин кайра иштетүү менен алектенгендерден кимдир бирөө кармалганы тууралуу маалымат жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2105