7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боору жарылган… 2 жашар баласын өлтүрүүгө шектелип энеси кармалды

1230

Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда милицияга 2021-жылы туулган С.А. аттуу бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көк-алалары менен табылган.

Факт Аламүдүн РИИБине катталып, КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, каза болгон баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилгени, боору жарылганы, денесинде күйүктөр аныкталган.

Аталган кылмышка шектелип баланын 23 жаштагы К.А. аттуу энеси, жана анын жарандык жолдошу 27 жаштагы М.А.А. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалган.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1231