7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте шаар күнүнө карата эки жаңыланган фонтан пайдаланууга берилди

278
Бишкек шаарында шаар күнүнө карата  капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алар — Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында жайгашкан фонтан жана Уркуя Салиева аянтындагы фонтан.
Театралдык гүл бакчасында фонтанды оңдоо иштерин «Азия Строй Групп» ЖЧКсы аткарды. Реконструкциянын жүрүшүндө фонтан толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылды. Архитектуралык формалары заманбап материалдар жана жабдуулар менен калыбына келтирилип, жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду, айлана-тегерегине таман таштар төшөлдү. Ал эми Уркуя Салиева аянтындагы фонтанды «Гранд ПРО» ЖЧКсы реконструкциялады. Бул жерде заманбап технологиялар колдонулуп, жарык-музыка менен коштолгон «бийлеген» фонтан системасы орнотулду. Сууну чыпкалоо жана жалбырак чогултуу системалары да орнотулган. Айлана-чөйрө жакшыртылып, жаңы таман таштар, отургучтар жана таштанды челектери орнотулган.
«Эки объект тең белгиленген жол-жоболорго ылайык пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи шаар тургундары үчүн маанилүү окуя жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду»-, деп жазылат маалыматта.
279