7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борис Жонсон эми Украинага премьер-министр болобу?

757

Кечээ күнү Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетип жатканын жарыялаган болчу. Андан соң, украиналыктар социалдык тармак аркылуу  Жонсонду Украинанын өкмөт башчысы болушун суранып жатышат. Чет элдик басылмалардагы маалыматка таяна турган болсок, Твиттер социалдык тармагында украиналыктар Борис Жонсон Украинанын министрлер кабинетин жетектесе жакшы болмок деген ойлору менен бөлүшүүдө.

 «Жонсон мырза, сизге сунушум бар. Бизге премьер-министр керек». Дал ушул билдирүү твиттерде эң көп бөлүшүлгөн. Мындан сырткары эң көп жакты белгисин алган. Аны көпчүлүк колдоп, Борис Жонсонду Украинанын премьер-министри кызматынан көрүүнү каалап жатышканын жазышкан.

Борис Жонсондун кызматтан кетүүсүнө Улуу Британиянын өкмөтүнөн 30дан ашуун адам кеткени себеп болгон. Алардын арасында министрликтин жетекчилери да, өкмөттүн курамында болбогон депутаттар да бар.  Бирок Жонсон күзүндө жаңы лидер шайланганга чейин кызматтык милдетин аткара берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758