7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бостериде жоголуп кеткен 3 жаштагы кыз табылды

617

Милиция кызматкерлери Бостери айылынан жоголгон кызды таап, ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИбден билдиришти.

Эки сааттык издөө иштеринен улам, Бостери айылында жоголгон 3 жашар кыз, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ийгиликтүү табылды.

Ысык-Көл РИИБдин Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөт кызматына Чүй облусунан келген эс алуучу кайрылган. Анын айтымында, жубайы 3 жашар кызы менен дүкөнгө барып, ал жерден кызын жоготуп, таппай калган. Өздөрүнүн издөөсү натыйжа берген эмес.

Жоголгон кызды тез аранын ичинде табуу үчүн айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тартылган. Издөө иштери көп кабаттуу үйлөрдө, жеке секторлордо, эс-алуу бактарында жана пляждык аймактарда уюштурулган. Эки сааттык издөө иштеринин натыйжасында, жоголгон кыз табылып, ата-энесине кайтарылып берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618