7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ботаникалык бактан аял кишинин жансыз денеси табылды. Күйөөсү суракта

14256

Бишкектеги Ботаникалык бактан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрда саат 12:00дө милиция кызматкерлеринин нөөмөт бөлүмүнө Ахунбаев менен Токомбаев көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан Ботаникалык бактан өлүк табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөөнүн алкагында маркумдун күйөөсү суракка алынган. Анын айтымында, 16-октябрда алар аялынын кызганычынан улам урушуп кетишкен, бирок кайра жарашышкан. 18-октябрда саат 15:00 чамасында ал үйүнөн чыгып кетип ошол бойдон байланышкан эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

14257