7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

БШК 12 президентикке талапкерди каттоодон баш тартты

60

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 президентикке талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия аларды шайлоо фондун түзбөгөндүгү ага ылайык шайлоо күрөөсүн төкпөгөндүгү, ошондой эле конституциялык мыйзамга ылайык шайлоочулардын кол тамгаларын көрсөтпөгөндүгү үчүн каттаган жок.

  • Назарбек Нышанов;
  •  Бакыт Романов;
  • Бакыт Керимбеков;
  • Элеонора Турдубекова;
  • Үрүстөм Кабылбеков;
  • Токтайым Үмөталиева;
  • Медер Болгомбаев;
  • Ербол Токтогулов;
  • Айбек Эркетаев;
  • Жаныбек Сүйүналиев;
  • Мирлан Калыбеков;
  • Самат Ибраев.

КР Президенттигине талапкерлердин тапшырган кол тамгалары текшерүүдөн өтүп, 18 талапкердин чогулткан колдору жарактуу деп табылып, каттоого алынды.

Президенттикке толук кандуу талапкер болуу үчүн 30 миңден ашык адамдын колун чогултуу зарыл. Ошондой эле Кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча «Кыргызтест» борборунун сертификаты да талап кылынат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда бүтөт. Шайлоо күрөөсү — миллион сом.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

61