7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: 18.00гө карата шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар тууралуу 43 кайрылуу түштү

712

Кечки саат 18.00гө карата БШКнын жумушчу тобуна шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар тууралуу 43 кайрылуу келип түштү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады. Ал мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар көбөйүп жатканын айтты.

3 факты административдик ресурс колдонуу боюнча, 13ү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу жөнүндө, эки кайрылуу шайлоочуларды массалык түрдө ташуу тууралуу, бюллетенди сүрөткө тартуу -1 кайрылуу жана башка фактылар.

Даттануулардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардан келип түшкөн.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун тандоо боюнча референдум өтүүдө. Добуш берүү кечки саат 20.00дө жабылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713