Саат 18:00гө карата 1 миллион 24 миң 891 шайлоочу жергиликтүү кеңештерге добуш берди
Саат 18:00гө карата 1 миллион 24 миң 891 шайлоочу жергиликтүү кеңештерге добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Жалпы добуш берүү үчүн 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу тизмеге кирген. Анын 30,89 пайызы добуш берди. Шаардык кеңештерге 303 миң 176 шайлоочу, айылдык кеңештерге 721 миң 715 шайлоочу добуш берген.