Саат 18:00гө карата референдумга 29,44 пайыз добуш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, референдумга 1 миллион 61 миң 591 шайлоочу добуш берди. Жалпы 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу добуш берүүгө тизмеге киргизилген.
«Бишкек шаарында 102 миң 258, Ош шаарында 58 миң 138, Жалал-Абад облусу 218 миң 847, Ысык-Көл облусу 90 миң 611, Нарын облусу 70 миң 396, Ош облусунда 226 миң 553, Талас облусу 55 миң 226, Чүй облусу 153 миң 697, Баткен облусунда 83 миң 454, чет өлкөдө 2 миң 411 шайлоочу добуш берди», — дейт Шайлдабекова.
Референдум өттү деп табылыш үчүн 30 пайыздан кем эмес добуш бериши керек.